10-класстын окуучусу эки койгон мугалимин бычактап салды

24 мая 2021 10-класстын окуучусу эки койгон мугалимин бычактап салды

Россиянын Пермь облусунун Березники шаарында 10 кыласстын окуучусу физика сабагынын мугалимине бычак ала жүгүргөн. 

Күбөлөрдүн сөзү боюнча, 16 жаштагы окуучу менен мугалимдин ортосунда жаңжал чыккан. Ачууга алдырган бала бычак алып, 74 жаштагы мугалиминин мойнуна эки ирет, көкүрөгүнө бир ирет сайып алган.

Балдардын баары полиция кызматкерлери келип, күнөөлүү окуучуну кармаганга чейин мектептин чыгарылган эмес. Мугалим тик учак менен ооруканага жеткирилген, дарыгерлер азыр анын абалы орточо экенин айтат.

Бала бычакты сумкасына салып, мектепке алып келген. Алдын ала маалыматтар боюнча, бул окуяга мугалимдин жыл аягында окуучуга эки койгону себеп болгон.