Ирандык гей баланы туугандары мууздап салышкан

21 мая 2021 Ирандык гей баланы туугандары мууздап салышкан

20 жаштагы ирандык жигит аскерге барбаш үчүн өзүнүн гей экенин айткан. Кайгылуу окуя ушундан кийин болгон деп ВВС басылмасы билдирет.

Гей жигитти эки небереси менен өгөй агасы өлтүргөн. Шектүүлөр тууганынын гомосексуал экенин үйүн почта аркылуу келген маалыматтан билишкен. Анда 20 жаштагы жигит Иран армиясына чакырылбашы үчүн өзүнүн гей экенин айткан.

Каза болгон Али Фазели үй-бүлөсүнөн бөлөк турчу. Ал армияга чакырган документтерди алуу үчүн үйүнө келгенде туугандары унаага салып кетишип, мууздап салышкан. Андан кийин алар апасына чалып, уулунун денесин кайдан тапса болорун айтышкан.

Шектүүлөр камакка алынган. Укук коргоочулар бул окуяга нараазы болуп, Иран өкмөтү сексуалдык азчылыкты коргобойт экенин айтып чыгышты.