Табарман, ийгиликтүү күйөөнүн аялы кандай болуш керек?

21 мая 2021 Табарман, ийгиликтүү күйөөнүн аялы кандай болуш керек?

Эркектин табармандыгы түздөн-түз аялына байланыштуу. Күйөөнүн табышы жакшы болсо, аялдардын көбү сыртта иш издеп жүрбөйт. Жолдошу баарын жеткирип берип турса, аялы балдарын карап, күйөөсүнүн жакасын агартып гана отурат. Жетиштүү таппай жатканда “чыгымдардын бир жагын жаап калар” деп аялдар билек түрө жөнөшөт. Балким, мунун ордуна аялдар өздөрүн өзгөртүшү керектир. Төмөндөгү макала ар бир аялга арналат.

Сымбаттуу, өзүнө караган аял

Эркектер жанында сулуу болбосо да, сымбаттуу, өзүнө тартып турган аял болушун каалайт. Аны менен катар мүнөзү токтоо, ички дүйнөсү бай аялдар – эркектердин кыялы. Ушул эле сапттары болсо, эркектин көңүлү көтөрүлүп, жадырап калат. Мындай маанайдагы эркектин бийиктиктерди багындырып, ийгиликке жетишери турган нерсе.

Өзүн өнүктүрүүнү унутпаган аялдар

Табарман эркек – акылдуу эркек. Ал эми акылдуу эркектин жанындагы жары интеллекти менен өзүнө тең келиши керек. Аларга замандан артта калбаган, өзүн-өзү өнүктүргөн, өзүн инсан катары калыптандырган аял гана кызыктуу. Билими жогору аялдар түрдүү темаларда сүйлөшө алат. Жубайлар ортосундагы маңыздуу, манилүү сүйлөшүүлөр жаңы идеяларды пайда кылып, аны кирешелүү кесипке айлантат.

Өзүн контролдой алган аял

Өзүнө ишенген, кандай абал болсо да өзүн токтоо алып жүргөн аял ар дайым сыйлуу. Ал өз баасын билет, жашоосуна башкаларды аралаштырбайт. Өзүнө эмне керек, эмне кереги жок экенин жакшы билет. Мындай аял менен өмүр сүрүү эркек үчүн жеңил жана тынч болот. Анткени, түрдүү турмуштук маселелерге баш оорутпайт. Ою жыйнактуу, мээси тунук эркектин иши ийгиликтүү болот.

Камкорлуктун орду менен чегин билген аял

Сыртынын каардуу көрүнгөнү менен ар бир эркектин ичине алсыз кичинекей бала катылган. Сыртка билдиргеси кебегени менен, кээде ага камкорлук, мээрим талап кылынат. Ошондой убакта аялы сезимталдык менен түшүнүп, мээрим төгүп, камкорлугун көрсөтө алса, бул – жолдошу үчүн чоң колдоо. Мындай колдоого ээ болгон күйөө үй-бүлөсү үчүн баарын жасайт. Табышы да мол болот. Болгону, камкорлугу чегинен ашып, күйөөсүнүн апасына айланып кетпеши керек.

Жашоосуна ыраазы болгон аял

Баарынын эле жашоосу бир кылка жакшы, же жаман болбойт. Өмүрүнө ыраазы болуу – ар кимдин өзүнө байланыштуу. Бар нерсеге ыраазы болуп, жакшы жактарды гана көрүп, күлүп-жайнап жүргөн аял айланысын позитивге толтурат. Бул күйөөсүнө жакшы таасир этет. Позитивдүү үй-бүлөгө ийгилик күттүрбөй келет.

Алсыз болуп көрүнө алган аял

Күйөө үчүн аялдын алдында басымдуулугун, мыктылыгын сезүү маңыздуу. Ошондуктан, анын жардамысыз көп нерсе колунан келбейт экенин билдирип, ишендирип туруу керек. Өзгөчө, иштеген ишине байныштуу бир маселенин чечимин таап берүүнү суранып туруу керек. Аялынын маселесин чечүү менен өзүнө болгон ишеними арта түшөт. Бирок, колунан эч нерсе келбеген эпсиз аял болуп көрүнүп албаш керек.