Кыргызстандын мыкты футболчулары Бишкектин "Дордой" клубуна өтүп кетти

10 декабря 2018 Кыргызстандын мыкты футболчулары Бишкектин "Дордой" клубуна өтүп кетти

Үч футболчунун экөө буга чейин шаардык командада ойногон.

 Бишкектик "Дордой" клубу Кыргызстандын улуттук курама командасындагы алдыңкы футболчулар менен келишим түздү.

КРдин учурдагы чемпион-клубунун маалымат кызматынын ырасташынча, катарга кураманын капитаны Азамат Байматов, дарбазачы Павел Матяш жана эң мыкты чабуулчу Антон Землянухин кирди.

Байматов буга чейин индонезиялык "Борнео" клубунда ойногон, учурда алган жаракатынан улам футбол боюнча Азия кубогуна катышпай турган болгон. Землянухин шаардык "Илбирс" клубунун мүчөсү болчу, ал эми Матяш өзбекстандык "Алмалыкта" мелдешип, бирок акыркы убакта бош оюнчулардын катарына кирген.

Байматов менен Матяш мурда "Дордой" үчүн беттешкен.

"Дордой" келе жаткан жылы Азия футбол конфедерациясынын тайпалык баскычына даярдыкты баштайт.



Дагы: sputnik.kg, сурот © Sputnik / Табылды Кадырбеков