21+: аялдан эч качан “бүттүңбү?” деп сурабаңыз

20 мая 2021 21+: аялдан эч качан “бүттүңбү?” деп сурабаңыз

Адатта аял каалабай турса да көнөт... Мындай касиет аялдарда гана бар. Анткени, аялдардын көпчүлүгү жакпай турган нерсени дароо ачык айта беришпейт. Ал эми сүйүктүү адамы үчүн көп нерсеге көз жумуп коёт. Бирок, ичине топтолгон жагымсыз нерселердин баары бир күнү “бомба” болуп жарылышы мүмкүн.

Башкасын мындай койгондо деле, интим темасына келгенде аялдар үнсүз көнө турган жагдайлар бар.

Көңүлдөнбөй кошулуу

Сүйүү оту кызыган кезде эркектер аялдын денесин катуу мыкчып жиберип, же жагымсыз кылыктарды көрсөтүшү мүмкүн. Муну менен аялдын эми ойгонуп келе жаткан кумарын качырып жибересиз.

“Позаны” бат алмаштыруу

Эркектер төшөктө кандай ийкемдүү экенин далилдеп келгендиги чын. Бул алардын табияттан берилген касиети. Бирок, мындай жоруктары аялдарга жага бербейт. Мисалы, түрдүү “позаны” билерин көрсөткүсү келип, эми гана лаззатка батып келе жаткан аялдын абалын байкалбай, тез башкасына өтүп кетет. Эми гана көнүп келе жаткан аялга бул жага бербейт. Жакпаса да, аргасыз сүйүктүүсүнүн көңүлүн түшүрбөш үчүн үнсүз көнөт. Бирок, оргазм алышы күмөн.

Жагымсыз жыт

Аябай көп айтылган жана жагымсыз абал. Анткени, жуунбаган эркек менен бир төшөктө жатуу аял үчүн тозокко барабар. Өзүн сыйлаган, балдарынын энесин, сүйүктүүсүн кадырлай билген эркек жырап жыт себинип жүрбөсө да, таза жүрүш керектигин анык билет. Колтуктун колоңсосу, тердин жыты, тамеки, жуулбаган тиш, ашказандан чыккан жагымсыз жыт, жуунбаса эркектин аласынан да жагымсыз жыт чыгары белгилүү. Муну эч бир аял жактырбайт.

Орунсуз суроолор

Эркектер кээде төшөктө жатып алып орунсуз, жооп берүүгө ыңгайсыз суроолорду берет. Андан көрө аялдын кыймыл-аракетинен ошол суроолорго жооп издесе кана? Мисалы, “бүтүрдүңбү?”, “жактыбы?”, “дагы каалап турасыңбы?”, “бүтүрө берейинби?” деген суроолорго аял жооп бергиси келбейт. Анткени, аялда анын жообун айттырбай билдире турган кылыгы бар. Эркектер ошону үйрөнүшү керек.

Дагы каалашат

Ооба, аял кээде төшөктө канааттанбай калат. Кумарын кандыруу үчүн “дагы” деп көбүнчө айта албайт. Ал эми эркек аны кыймыл-аракетинен биле албаса, аялга өтө жагымсыз болот. Андайда унчукпай гана кумар отун басууга туура келет. Бирок, мунун баарын ичине катып калат.

Мына ушул сыяктуу жагдайларды аял үнсүз ичине катып жүрөт берет. Ал топтолуп отуруп, төшөк оюндарына болгон каалоосу да азайып, эркектердин өзүнө эле терс таасирин тийгизет. Албетте, мунун акыры жакшылыкка алып барбайт. Ошондуктан, төшөктө аялдын да каалоолоруна маани бериш керек.