Кытайда 73 кабаттуу имарат теңселип, эл чуру-чуу болду. Видео

20 мая 2021 Кытайда 73 кабаттуу имарат теңселип, эл чуру-чуу болду. Видео

Кытайдын Шэньчжэнь шаарында бийиктиги 300 метрге жетип, көк тиреген имарат солкулдап, шаардыктарды чуру-чуу түшүрдү.

CNN берген маалыматка караганда, SEG Plaza аттуу соода борбору 18-май күнү жергиликтүү убакыт менен 13:50дө кыймылга келген.

Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, имарат алгач жер титирегенсип силкинип, бир тарабына кыйшайып калганы байкалган. Бул күнү шаарда жер титирөө жана катуу шамал болгон эмес. Мындан улам адистер мынчалык ири объектинин кыймылга келишине пайдубалдын "отуруп" калышы себеп болушу мүмкүн деп айтып жатышат.

SEG Plaza 2000-жылы курулган 73 кабаттуу имарат. Анын ичинде дүкөндөн тышкары электроника менен алектенген ишканалардын кеңселери жайгашкан.


sputnik