Кандай кружка менен чай ичип жүрөсүз? (тест)

19 мая 2021 Кандай кружка менен чай ичип жүрөсүз? (тест)

Сүрөттөн бир кружканы тандап, өзүңүздүн мүнөзүңүздү билип алыңыз.

Адам өзүнүн кулк-мүнөзүн, мамилесин билген менен, ичинде катылган жөндөмүн биле бербейт. Ал эми психологдор өзүн жакшы билген адам ийгиликке тез жетет дешет. Андай экен өзүңүздүн купуя сырыңызды ушул психологиялык тест аркылуу билип алыңыз.

Сиздин сүйүктүү кружкаңыз сүрөттөгү идиштердин кайсынысына окшош?

№ 1 кружка 

Кээ бир адамдар сүрөттүү, жазуусу бар, түркүн-түстүү идиштерди жактыра бербейт. Алардын столунан аппак кружканы көрүүгө болот. Эгер сиз дагы өзгөчөлөнбөгөн ак түстүү жөнөкөй кружканы пайдаланып жүргөн болсоңуз, сөзү менен ою эркин, мээримдүү жансыз. Мындай кружканын ээлери үйдө да, жумушта да баары өз ордунда болуусун талап кылат.

Өзгөрүүнү каалашпайт. Бардык жаңы нерселер буларды кооптондурат. Тобокелге барышпайт. Тапканы бир өзүнө жетсе, башкысы эч кимге жагынбай, жалтактабай тынч жашаганды каалашат.

№ 2 кружка 

Жаныбардын формасына окшош, же жаныбар менен канаттуунун, адамдын сүрөтү бар кружкаларды жактыргандар каалаган чөйрөгө бат аралашып кетишет. Алардын өзгөчөлүгү – баланын да, жаныбардын да тилин бат таап алышат. Ыйлап отургандарды бат эле күлдүрүп жиберет. Бирок, кээде эмоциясын башкара албай, өзүн жубатууга алы жетпей калат. Анткени, ал өзүнө караганда башкаларга көп көңүл бөлөт. Мээримдүү, жардам берүүгө дайым даяр.

Позитивдүү. Кең пейил, ак көңүл болгондуктан, достору, тааныштары көп. Бирок, көбүнчө башкаларга жардам берем деп өз өмүрүн унутуп коймой жайы бар.

№ 3 кружка

Булардын көпчүлүктүн көңүлүн бурдура алган, көңүл чордонунда болгон касиети бар. Мындай адамдардан мыкты уюштуруучу, башкаруучулар чыгат. Эмгекчил. Убактысы менен энергиясынын көбүн жумушуна арнайт. Койгон максатына сөзсүз жетет. Бүт өмүрүн кылдат көзөмөлдөп, ар бир күндү эсте сактап калууга аракет кылып, пландаштырып иш кылат. Тартипти катуу кармайт. Бирок, ачуусу чукул болот.

№ 4 кружка

Жазуусу бар кружкалардын ээси мактоо сүйөр, өзүн аябай жакшы көрөт. Бирок, ички сырын, жеке жашоосун жашырып келет. Аябай коркок. Мүнөзү жабык болгондуктан, өзүнүн кандай экенин, оюн кружкасындагы жазуулар аркылуу айланасындагыларга айткысы келет. Психологдордун айтымында, сөзгө чоркок, уяң адамдар жазуусу бар кружкаларды сатып алат.

№ 5 кружка

Гүлдүн, жемиштердин же табияттын сүрөтү бар кружкаларды жактырса, бул чыгармачылыкка жакын экенин билдирет. Көңүлү таза адамдар. Алар көңүл борборунда болгонду, элдин сөз кылуусун жактырбайт. Анткени, ашыкча эмоция тез чарчатып жиберет. Кыскасы, көз тийгенден, сөз тийгенден коркушат. Чынында, булар бала сыяктуу тез кубанып, бирөөнүн жаман сөзүнүн көңүлү тез калат.

№ 6 кружка

Айнек кружканын ээси өтө ачык, эч нерсени ичинде сактай албаган адам. Башкалар сыяктуу үйдө башка, сыртта башка болуп кубулганды жаман көрөт. Жашоосундагы жакшы-жаман окуяларды ачык айткандан уялбайт. Адилет. Алдаганды жактырбайт. Чыккынчылыкты жана калпты кечире албайт. Башкы кемчилиги – көп сүйлөйт жана сырын жашыра албайт.