Боюна бүтүп кала берген аялдарды эркектер жактыра беришпейт

18 мая 2021 Боюна бүтүп кала берген аялдарды эркектер жактыра беришпейт

Төшөк мамилесинде эркектер жактыра бербей турган нерселер көп. Мисалы:

“Чоңдорго арналган” фильмдерди көрүүсүнө каршы болбоңуз

Эркектерди мындай фильмдерден алыстата турган болсоңуз, өз алдынча тумчугуп, өз каалоолорун сыртка чыгарбай, сизге көп нерселерди айтпай калат. Төшөк жаатында эркин боло албай, каалаганын ачык айтпай, сиздин кээ бир каалооңузду да түшүнбөй турган болуп калат экен.

Ал эми эркектер ичиндегисин сыртка чыгарбаса, стресске тез кабылат. Ошон үчүн аларга эркиндик берип, эмне кааласа, тоскоол болбош керек. Бирок, адамдык сапаттын чегинен чыкпоого тийиш.

Анын көзүнчө башка аялдын дене сымбатын сөз кылбаңыз

Эркектердин баарына жакпаган нерсе – аялдардын башка аялдын фигурасы жөнүндө сын айтканы. Өзгөчө, ал сын төшөктө айтылбашы керек. Эркектер өзгө эмес, өз аялдарына да сын көз караш менен мамиле кылышат. Башкаларды сөз кылып, сындоо – өзүңүзгө болгон көз карашты өзгөртүп жибериши мүмкүн.

Эркектер “төшөк тууралуу кеңештерке” ишенишпейт

Ооба, алар ушундай айтылып-жазылып жаткан жыныстык катнаш жөнүндө кеңештердин эч бирине ишенишпейт. Аткарып көрүүгө да аракет кылышпайт.

Демек, анын алдында жыныстык катнаш тууралуу “тиги китепте мындай деп жазылыптыр, минтиш керек экен” деген кеңештерди айтып убара болбоңуз. Эркек өзү каалаганын гана ишке ашырат. Сөз менен айтып эч нерсеге жете албайсыз.

Аны кызгантуунун да кажети жок

Кызганган эркек төшөктө керемет болот десеңиз, жаңылышасыз. Бул көп аялдардын катасы. Кызгантам деп атып, анын өзүңүзгө болгон каалоосун өчүрүп алышыңыз мүмкүн.

Эркектин кызганычы ойгонду дегенче, ал дароо “көзүмө чөп салып жүрөт” деп ойлой баштайт. Бул жакшылыкка алып барбай турган сезим. Анын каалоосун ойготуу үчүн башка ыкма издеңиз.

Боюна бүтүп кала берүү

Ооба, сүйгөн жарың менен болгон ысык кучак, махабаттан кийин балалуу болгон жакшы. Бирок, ал эки адамдын каалоосу менен орундалышы керек. Эркектер улам боюнча бүтүп, төрөй берген аялдардан акыры качып тынышат. Сактанбай, өз планын айтпай, баласын кечээ эле эмчектен чыгарып, бүгүн дагы боюна бүтүрүп алган аялдар эркектерге жакпайт.