10 декабря 2018
Мексикалык Ванесса Понс де Леон дүйнөнүн 68-сулуусу болуп калды.
Мексиканын атынан чыккан Ванесса Понс де Леон “Дүйнө сулуусу – 2018” сынагынын жеңүүчүсү деп табылды. Бул тууралуу конкурстун Twitterбаракчасына жарыяланды.
“Дүйнөнүн 68-сулуусу атыккан Ванесса де Леонду жеңиши менен куттуктайбыз”, — деп айтылат маалыматта.
Ванессага таажыны “Дүйнө сулуусу – 2017” сынагынын жеңүүчүсү индиялык Мануши Чхиллар кийгизди.
Ал эми таиланддык Николин Пичапа Лимснукан вице-мисс аталды.
Сынактын финалы Кытайдагы Хайнань аралында өттү. 30 кыздын ичинен 12си тандалган, алардын бешөө гана финалга өткөн.
Дагы: sputnik.kg, сурот © REUTERS / JASON LEE