40+: УШУНДАЙ кылган АЯЛДЫН күйөөсүнүн сөзсүз ОЙНОШУ болот

17 мая 2021 40+: УШУНДАЙ кылган АЯЛДЫН күйөөсүнүн сөзсүз ОЙНОШУ болот

Бала-чака деп 25-35 жаш аралыгында никелүү жубайлардын жыныстык катнашы ойдогудай боло бербейт. Азыр бардык эле үй-бүлөдө бөлөк уктай турган бөлмө тургай, өз үйү жоктор толтура. Балалуу болууну “кудайдын бергени” деп кабыл алып, “жаш кезде төрөп алыш керек” деп ойлоп, интимдик жашоосун четке чыгарып койгондор андан көп. Балким, жаш жубайлардын көз карашы башкачадыр, бирок бүгүнкү күндө жашы 40ка чыккандар төмөнкү жагдайларга көңүл бургандары оң.

Эркектерге 5 кеңеш:

  • Эркектер үй-бүлөсүндө уктоочу бөлмө даярдаш керек. Албетте, балдар үчүн да бөлөк бөлмө болушу шарт. Конок бөлмөсү болбосо да, жогорудагы эки бөлмө жана ашкана менен жуунучу жай дарядоо – эркектин үй-бүлө алдындагы биринчи милдети. Эгер жашыңыз 40ка келгенче буларды жасай албасаңыз, “солго” басып, аялыңызды күнөөлөөгө укугуңуз жок. “Ойдогудай болгон жок” деп жыныстык катнашка таарынбай эле коюңуз.
  • Уктоочу бөлмөңүз бар туруп, бирок ага кирбесеңиз, проблема өзүңүздө. Аялыңыз менен интимдик катнаштын бөлмөсүнө кирбей, телевизор көрүп жатып уктоону жактырсаңыз, аялыңызга такыр күнөө коё албайсыз.
  • Уктоочу бөлмөгө жуунбай, өзүңүздөн мурун жарган кеңирсиген жыт чыгып жатканын сезбесеңиз, сезсеңиз да жуунудан ээринсеңиз, күнөөнү өзүңүздөн издеңиз.
  • 40 жашта төшөк оюндарына жарабай, дартка чалдыксаңыз, ага аялыңызды күйөөлөй албайсыз. Үй-бүлөнү багам деп, ишиңиз чачтан көп болсо да, ден соолук өзүңүздүкү. Аттан түшүүгө али эрте, андыктан өзүңүздү колго алыңыз.
  • 40ка чыккан аялыңыз али да кылыктанып жатса, кубаныңыз. Кубанып туруп, убагында пайдалана билиңиз.

Аялдарга 5 кеңеш

  • Уктоочу бөлмөдөгү күйөөңүздүн ордуна балаңызды жаткыруу туура эмес. Эмчегиңиздин учу үзүлгөнү турса да, эриңиздин орду бөлөк. Эгер баланы алып жатып, күйөөңүздөн боюңузду ала кача берсеңиз, “башкага кетти” деп күнөөлөгөн орунсуз. Бала өзүнчө уктай турган жашка келгенде бөлөк жаткырып үйрөтүү – эненин милдети.
  • Кабак чытый бергенден эч пайда жок экенин жакшы билсеңиз керек. Тескерисинче, эркелеп, сүйкөнүп өтүүнүн пайдасы көп экени тажыйба жүзүндө “далилденген”.
  • Күйөөңүз менен жалгыз калган маалда ичиңизде көпөлөк ойноп, өзгөчө сезимде болосуз, туурабы? Ал эми дененин кумары кангандан кийин маанайыңыз көтөрүлөрү да далилиденген. Андай экен, бат-бат кошулуп турууга неге болбосун?! Бетке бырыш түшпөс үчүн дагы керебетти “кыйчылдатып” турган оң.
  • Күйөөңүзгө жылуу мамиле кылган сайын уктоочу бөлмөнүн эшиги тез-тез кулпуланып турат. Анан калса, күйөөңүз каалаганыңызды аткарат. 40тан ашкандагы жыныстык катнаш – үй-бүлөдөгү уруш-талашты болтурбоонун биринчи эрежеси.  
  • Эч качан күйөөңүз менен бөлөк төшөк жамынбаңыз. Эркек менен аял бир жууркан астында жатканда бири-биринен кубат алат. Ал эми 40 жаштан кийин чарчабай-чаалыкпай жүрүү үчүн төшөк оюндары абдан керек. Башкалар “кокуй, белим” деп жүргөн учурда жеңил-желпи кыймылдоо бардык аялга жагат, туурабы?