ЭРКЕКТЕР кандай АЯЛДЫ төшөктө “ОТУН” дешет

14 мая 2021 ЭРКЕКТЕР кандай АЯЛДЫ төшөктө “ОТУН” дешет

Төшөктө бир гана эркектер активдүү болуш керек дегендер чоң ката кетиришет. Ошондуктан, төшөк жаатына көңүл кош мамиле жасаган аялдарга эркектердин пикири, мамилеси жакшы эмес.

“Отун” деген эмне жана кимдерге карата айтылат?

Түрдүү форумдарда төшөк тууралуу маалыматтар менен пикирлерди карап отуруп, кимдер жөнүндө сөз болуп жатканын болжоп билебиз:

  • төшөккө эч кандай жаңылык киргизбей турган, адатта бар гана позаны жактыргандар;
  • кумар оту жанбаган, жакындатпаган;
  • көңүл кош, жыныстык катнашты жек көргөн;
  • жыныстык катнаш учурунда кың этип үн чыгарып койбогондор;
  • түрдүү эксперименттерди жасап көрүүнү каалабагандар;
  • көп учурларда оргазм албаган жана алууга аракет да кылбаган;
  • сылып-сыйпалоону жактырбаган ж.б. аялдарга карата айтылат.

Жогору айтылгандар – негизги белгилери гана.

“Отун” болбош үчүн эмне кылуу керек?

Эркектердин көбү аялдын төшөктө аракет кылбаганын жактыра бербейт. Үй-бүлөдөгү жаңжал да ушул себептен келип чыгат. Аялдын төшөктө аракетсиздигинин сырлары көп.

Ал эми эркектер аялды төмөнкүдөй параметрлер менен кабылдашат:

  • Эгер аял спортко кызыкпаса, анда ал жалкоо жана төшөктө да начар
  • Эгер кучакташуу менен өбүшүү дайыма кумарланууга айланса, анда ал төшөктө оттой жана алат
  • Эгер аял дүкүндө же ресторанда өзүнө эмне керек экенин билбей, тандай албай кыйналса, анда ал төшөктө да чечкиндүү эмес. Кумар оту жанып турган аялдын табити жана тандоосу мыкты болот. Интимдик жашоодо дагы табити жогору.
  • Тумарлуу аял менен өбүшкөндө денеси бийлеп, көкүрөгү көкүрөккө тирелип, жанбашы да бүлкүлдөп турат. Эгер эч кыймыл жок, тигинен тик туруп өбүшсө, анда ал аялдан төшөктө жалындуу жакындыкты күтүүгө болбойт.
  • Аял ачык-айрым, эркек менен акылга сыйбаган иштерди жасоого даяр, тамашакөй болсо, демек төшөктө да эч тартынбайт.

Мына, көпчүлүк эркектердин аялдарга берген баасы жана тандоо параметрлери ушундай. Бул жөн гана сөз эмес, чындыгы бар.

Маселени кандай чечүү керек?

Мындан улам аялдардын бир нече катасын санап өтөлү. Ушул себептерден көп аялдардын жыныстык катнаштан жолу болбойт. Бул маселенин чечүү жолун табуу керек.

  • Түйшүктөн көңүл калып, аны аялдар төшөккө чейин сүйрөп барышат. Бирок, бул чоң ката. Турмуштагы проблемалар эч качан жыныстык катнашка таасир этпеши керек. Проблема уктоочу бөлмөгө “кирбегени” дурус.
  • Кээ бир аялдар төшөк катнашына келгенде эркектерге баш ийүү керек деп эсептешет. Бирок, эркектерге баарына көнө берген аялдар жакпайт. Аларга төшөктө каалаганын эркин айтып, ачык-айрым болгон аялдар жагат.
  • Уялчактык менен түнттүк – жыныстык катнашка өтө терс таасир этет. Андан чыгуу үчүн жыныстык катнаш тууралуу кеңештерди көп окуу керек.

Кеңеш:

  • Күйөөңүздү чындап каалап, аны сүйүүдөн уялбаңыз! Аялынын сүйүүгө толгон көздөрүнөн бөлөк эркекти эч нерсе козгой албайт.
  • Төшөккө жатканда жетпеген акча, бүтпөй калган жумуш, күйүп кеткен казанды ойлогондон алардын баары ордуна келип калбайт. Муну менен сиз сүйүүгө толгон бир түндү жоготосуз. Күйөөңүз менен өтө турган ар бир саатты туура пайдаланыңыз.
  • Денеңизди жашырбаңыз! Эч качан! Толук болсоңуз да күйөөңүздүн алында эркин чечинип-кийине алсаңыз, эркекке ошол жагат, ошондон сизге деген сезими арта түшөт.
  • Ашыкча кыймыл жасоодон коркпоңуз!
  • Бир калыпта туруп калбаңыз. Эч качан токтобоңуз. Жаңы техникалар менен позаларды билип алсаңыз, жыныстык катнаш андан да жакшыра түшөт.

Күйөөңүз менен төшөктө ачык-айрым болуу – уят эмес. Төшөк рахатынын баарын татып көрүү керек.