Дүйшөмбүдө Алматыдан Ысык-Көлгө күн сайын уча турган авиакаттам ачылат

13 мая 2021 Дүйшөмбүдө Алматыдан Ысык-Көлгө күн сайын уча турган авиакаттам ачылат

Казакстан Ысык-Көлгө жаңы авиакаттам ача турганын Sputnik Казакстан агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, 15-майдан тарта Алматы — Тамчы — Алматы багыты ишке киргизилип, жумасына жети жолу, башкача айтканда, күн сайын бирден учак каттап турат.

Коңшу өлкөнүн Өзбекстан, Черногория, Нидерландия менен да жаңы каттамдарды ачып, андан сырткары Бириккен Араб Эмираты багытын мурдагыдан активдештире турганы кабарланды.

Авиакаттамдар санитардык-эпидемиологиялык талаптарды дыкат сактоо менен жүргүзүлөрүн баса белгилешкен.


sputnik