Сүйүнчү! Валентина Шевченко атаандашын жеңип, UFC уюмунун чемпиону аталды

10 декабря 2018 Сүйүнчү! Валентина Шевченко атаандашын жеңип, UFC уюмунун чемпиону аталды

Кармаш UFC 231 турниринин алкагында Торонтодо (Канада) өттү.

 Валентина Шевченко атаандашын жеңип, UFC уюмунун чемпиону аталды. Ушуну менен кыргызстандык мушкер биринчи жолу мурдагы совет өлкөлөрүнүн ичинен кыз-келиндер арасында UFC уюмунун чемпиондук наамына ээ болду.

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко атаандашы Джоанна Енджейчикти утуп, UFC уюмунун эң жеңил салмактагы чемпиону аталды.

​Кармаш UFC 231 турниринин алкагында Торонтодо (Канада) өттү. Анда Шевченко польшалык Енджейчик менен 57 килограмм салмакта күч сынашып, беш раунддун жыйынтыгы менен жеңип алды.

​Ушуну менен кыргызстандык мушкер биринчи жолу мурдагы совет өлкөлөрүнүн ичинен кыз-келиндер арасында UFC уюмунун чемпиондук наамына ээ болду. Эркектер арасында россиялык Хабиб Нурмагомедов чемпион болгон.



Дагы: sputnik.kg, фото - © REUTERS / Tom Szczerbowski-USA TODAY Sports