Жапаров кыргызстандыктарды Орозо айт менен куттуктады

13 мая 2021 Жапаров кыргызстандыктарды Орозо айт менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-майда, кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Ал Орозо айт — кайрымдуулуктун жана кубанычтын жышааны, элибиздин эзелтеден бери белгиленип келе жаткан салттуу майрамдарынын бири экенин белгилеген.

“Дүйнөдөгү түзүлгөн санитардык-эпидемиологиялык кырдаал элибиздин коопсуздугун камсыздоо үчүн бизди белгилүү чектөөлөргө кириптер кылды. Орозо айында элибиздин бул чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылгандыгы мамлекетибиздин келечегине болгон ишенимин бекемдейт. Бул жолку майрам дагы аргасыздыктан чектөөлөр шартында өтүүдө. Мамлекет коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө болгон күчүн жумшап жатат”, — деген президент.

Жапаров орозо айында бир катар окуялар болуп кеткендигин, мындай кырдаалда элдин мекенчилдиги тирек болот деген ишенимин айткан.

“Ыйык орозо айында өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна коркунуч туудурган окуялар да болуп өттү. Балким, мында жараткандын бир жакшылыгы болсо керек, балким, бул ыймандын, бекемдиктин жана Кудайга болгон ишенимдин сыноосудур. Элибиздин айкөлдүгү, кайраттуулугу, кыраакылыгы, кайрымдуулугу, мекенчилдиги мындай кырдаалда тирек болуп берет деп терең ишенем”, — деген мамлекет башчы.

Бүгүн Кыргызстандагы мусулмандар отуз күн орозодон кийин Орозо айтты белгилеп жатат.


sputnik