Айланайын, кагылайын Валентина!!! Шевченко боюнча соцтармактагы пикирлер

10 декабря 2018 Айланайын, кагылайын Валентина!!! Шевченко боюнча соцтармактагы пикирлер

Шевченкону күйөрмандары анын бүгүнкү беттешин социалдык тармак аркылуу куттуктап, пикирлерин жазышты.

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко бүгүн, 9-декабрда польшалык Жоанна Енджейчикти утуп, UFC уюмунун 57 килограмм салмактагы чемпиону аталган.

Мушкерлер бүгүн Канаданын Торонто шаарында өткөн UFC 231 мелдешинин алкагында күч сынашты. Беш раунддун жыйынтыгы менен калыстар жеңишти кыргызстандык спортчу кызга ыйгарган.

Белгилей кетсек, Валентина Шевченко мурдагы совет өлкөлөрүндөгү кыз-келиндер арасынан биринчи болуп UFC уюмунун чемпиондук наамына ээ болду.

Учурда мушкер куттуктоолорго бөлөнүп, алкыш алып жаткан чагы.

Мындан улам, Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Валентинага күйөрмандык кылган интернет колдонуучулардын билдирүүсүн чогултту.

Чемпиондун сүрөтүн видеодон тартып алган колдонуучу маңдайы жарыла кубанган 



Дагы: sputnik.kg, фото - © REUTERS / Tom Szczerbowski-USA TODAY Sports