Кыргызстан 20 млн. долларга Кытайдын Sinopharm вакцинасын сатып алат

12 мая 2021 Кыргызстан 20 млн. долларга Кытайдын Sinopharm вакцинасын сатып алат

Дүйнөлүк банк бөлө турган 20 миллион долларга Кыргызстан Кытайдын коронавируска каршы Sinopharm вакцинасын сатып алат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев "Биринчи радиого" билдирди.

"Кечээ күнү Дүйнөлүк банк жана донорлор менен кенен чөйрөдө онлайн-конференция болду. Алар бизге ДССУнун тизмесинде турган вакцинаны сатып алууга 20 миллион доллар бөлөт. Биз тизмедеги вакциналарды тандап алууга укугубуз бар, Россиянын "Спутник V" вакцинасы ал тизмеде жок. Бирок Кытайдын Sinopharm препараты бар. Андыктан ошону сатып алабыз", — деди Бейшеналиев.

Кечээ Дүйнөлүк банк жакынкы айларда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан жактырылган коронавируска каршы вакцинаны сатып алууга 20 миллион доллар берери белгилүү болгон.


sputnik