Кайсы маселе каралат? Парламент кезексиз жыйынга чогулуп, Жапаров сөз сүйлөйт

12 мая 2021 Кайсы маселе каралат? Парламент кезексиз жыйынга чогулуп, Жапаров сөз сүйлөйт

Парламенттин маалымат кызматы дүйшөмбү, 17-май күнү, Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз отурумга чогуларын билдирди.

Жыйынды президент Садыр Жапаров демилгелеп чакырып жатканы айтылууда. Ал күнү мамлекет башчы депутаттардын алдында билдирүү жасайт. Парламенттин да, президенттин да маалымат кызматы жыйындын күн тартибин айткан жок.

Депутат Жанар Акаев ага чек ара боюнча маселе караларын айтып, кезексиз отурумга чакырышканын билдирди.

Ал эми эл өкүлү Дастан Бекешев менен "Ата Мекен" фракциясынын лидери Сайдулла Нышанов азырынча так билбей турганын, бирок Кумтөр маселеси талкууланышы мүмкүн деген пикирин билдиришти.

Sputnik Кыргызстандын кабарчысы мындан башка дагы бир нече депутатка телефон чалганда күн тартиби тууралуу биле электигин айтышты.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары жуманын шаршемби, бейшемби күндөрү жалпы жыйын өткөрөт. Бирок бүгүн отурум болгон жок, эртеңкиси Орозо айт майрамына карата эс алуу күнүнө туш келип калды.


sputnik