Тажикстандын фураларын коштогон милиционерлерге карата териштирүү башталды

12 мая 2021 Тажикстандын фураларын коштогон милиционерлерге карата териштирүү башталды

Баткенде Тажикстандын жүк ташуучу унааларын коштоп жүргөн ички иштер органдарынын кызматкерлерине карата кызматтык териштирүү башталды. Бул туурасында Баткен облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ, 11-майда, тажик жарандарынын үч фурасы шаардын кире беришинде жергиликтүүлөр тарабынан токтотулган. Ошол учурда аны коштоп келе жаткан ИИМ кызматкерлери жарандар менен урушуп, сөгүнүп-сагынган видеосу тараган.

ВИДЕО

"Фуралар эл тарабынан токтотулганда ички иштер органдарынын айрым кызматкерлери жарандарга орой мамиле жасап, жергиликтүү тургундар менен сөгүшүп жаткан видео соцтармакка тарап, милициянын беделине шек келтирди. Кызматкерлер жүрүм-турум нормаларына туура келбеген жагдайларды жараткандыгы үчүн ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык териштирүүлөр башталды. Анын жыйынтыгы менен тартиптик чара көрүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Милиционерлер аталган фураларды Оштон Баткен облустук милициясынын унаа токтотуучу жайына алып баратканын билдиришкен. Жүк ташуучу унаалар Тажикстанда кармалып турган кыргызстандыктардын жети фурасы менен алмаштырылары айтылган.


sputnik