Кыргызстан, алга! Валентина күйөрмандарына кыргыз тилинде рахмат айткан

10 декабря 2018 Кыргызстан, алга! Валентина күйөрмандарына кыргыз тилинде рахмат айткан

Видеодо Валентинанын төрт тилде, тагыраагы англисче, испанча, орусча жана кыргызча сүйлөгөнүн көрүүгө болот.

Кыргызстандык UFC чемпиону Валентина Шевченко кыргызстандык күйөрмандарына эне тилинде ыраазылык билдирген видеону интернетке бир тууган эжеси Антонина жүктөгөн.

Анда Валентинанын төрт тилде, тагыраагы англисче, испанча, орусча жана кыргызча сүйлөгөнүн көрүүгө болот. Мушкер колдоп-коштогондордун бардыгына рахмат айтып, келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктаган.

"Чоң рахмат! Кыргызстан, алга!" — деди кыргыз тилинде айткан сөзүндө.

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко бүгүн польшалык Жоанна Енджейчикти утуп, UFC уюмунун 57 килограмм салмактагы чемпиону аталды. 

Мушкерлер Торонто шаарында өткөн UFC 231 мелдешинин алкагында күч сынаштып, натыйжада беш раунддун жыйынтыгы менен калыстар жеңишти Шевченкого ыйгарышкан.

Белгилей кетсек, Валентина ушуну менен  мурдагы совет өлкөлөрүнүн ичинен кыз-келиндер арасында биринчи жолу UFC уюмунун чемпиондук наамына ээ болду. Эркектер арасында бул наамга россиялык Хабиб Нурмагомедов татыган.



Дагы: sputnik.kg