Курманбек Бакиевдин бир тууганына карата сот өкүмү жокко чыгарылды

12 мая 2021 Курманбек Бакиевдин бир тууганына карата сот өкүмү жокко чыгарылды

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Каныбек Бакиевдин кылмыш иши боюнча соттун өкүмү жокко чыгарылды. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, 27-апрелде Жогорку сот тарабынан буга чейин Бакиевге карата чыккан Жалал-Абад шаардык (25-март, 2020-жыл) жана облустук соттун (10-декабрь, 2020-жыл) өкүмү жокко чыгарылган. Кылмыш иши толук иликтенбегенине байланыштуу кайра кароого жиберилди.

Ал эми адвокаттын Каныбек Бакиевди толугу менен актоо боюнча келтирген өтүнүчү канааттандырылган эмес.


sputnik