Бурят кызга үйлөнүп... Арсен эмес Асанбек Өмүралиев тууралуу 6 факты

10 декабря 2018 Бурят кызга үйлөнүп... Арсен эмес Асанбек Өмүралиев тууралуу 6 факты

Узаган жумада белгилүү театр жана кино актеру Арсен (Асанбек) Өмүралиевдин эскерүү кечеси өттү. Ал көзү тирүү болгондо 85 жашка чыкмак, бирок жүрөк оорусу 70 гана жаштын даамын таттырды.

Өнөрпоздун чыгармачылык жолу, үй-бүлөсү жана Арсен аталышы тууралуу кызыктуу фактылар актердун жубайы жана кызы менен биргеликте даярдалды.

Шамал урган Балыкчынын кулуну

Асанбек Өмүралиев 1933-жылы 7-декабрда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган. Өзүнүн эскерүүсүндө кыштын ызгаарында жарыкка келген. Энеси отун тергени баратып орто жолдон суусу кетип, бадалдын арасына көз жарып койгон. Агезде шамал катуу уруп турчу. Кийин өзү "шамал жашоомдо чыдамкай болууга үйрөттү жана ар дайым коштоп жүргөндөй сезиле берчү" деп айткан.

11 жашында үйүнөн качып чыгып Караколдогу Кол өнөрчүлөр окуу жайына тапшырат. Бир аз темир уста болуп иштегенден кийин Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык училищесинин хор дирижерлук бөлүмүнө окуйт. Спорт менен алектенип, Москвадагы Спартакиага туу көтөрүп барган. 

Исмаилдин ролуна кирүү үчүн окуяга болгон жерге барган

Ал 1954-1957 жылдары Москвадагы Луначарский атындагы мамлекеттик театр институтунда окуган. Билим гана албастан орус тилин да өздөштүрүп келген.

"Менин театрга кызыгуума апам себепкер, ал чыгармачылык тууралуу көп айтып берчү. Студент кезде окуудан чыгып дароо театрга жөнөп, кандай гана спектакль болбосун көрүп калганга ашыгат элек. Биздей жаштарга түрдүү тагдырлар менен окуялар ачыла берди. Көп окуп жаркын келечекке умтулганыбыз да ошондон болду", — деген Өмүралиев.

Чыгармачылыктык алгачкы жылдары актер үчүн чыныгы сыноо болгон. "Чыңгыз Айтматовдун "Бетме-бе" чыгармасындагы Исмаилдин ролун эч окшоштура албай койдум. Өнөктөш кыз менен түнгө чейин калдык. Эмнегедир Исмаилге жан дүйнөм кире албай койду. Өзүмө сансыз суроолорду берип жооп таба албадым. Көп өтпөй биздин театр гастролго чыгып, кокусунан повестте сүрөттөлгөн жерлерге туш болдук. Мен ошондо Исмаил жашынган жерлерин издеп таптым. Анын тагдырын сезгендей болдум" деген. 

Кино менен театрдагы ролу, Арсен аталышы

Актер 40 жылдык карьерасында 100дөн ашык роль жараткан. Спектаклде Исмаилдин ролунан сырткары Шекспирдин "Король лиринде" Эдмунтту, "Ромео менен Жульетада" Тибальтты, Грибоедовдун "Акылдан азабында" Чацкийди, Абдумомуновдун "Абийир кечирбейт" чыгармасында Нурдинди, "Жыгылган оогон күлөт" драмасында Атабаевди, "Ак боз атта" Дадыйды келиштире ойногон.

Мындан тышкары, "Муз жүрөк жөнүндө баян" (Мээркан), "Алыскы тоолордо" (Назаркул), "Артыбызда Москва" (Бауржан), "Тянь-Шянь кызы" (Муса), "Көчүп жүргөн фронт" (Хатан Батог Максаржав), "Улан" (Нуртай), "Кырк биринчи" (Ыманкул), "Ашуу" (Садык) жана башка тасмаларга тартылган.

Жаш кезинде "Арсен" аттуу тасма чыгат. Асанбек ал каарманга кулк-мүнөзү менен окшош болгондуктан айланадагылары Арсен деп атап, ошол ысым боюнча таанылып калган. 

Бишкек шаардык театрын негиздеген

Актер Арсен Өмүралиев чыгармачылык жолун Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрында баштаган. 1993-жылы театр сынчысы Цыцыгма Умуралиева менен чогуу Бишкек шаардык драма театрын негиздеген. Өнөрпоздун жетекчилиги алдында бир нече көрүнүктүү спектаклдер коюлуп, артисттер дембе-дем гастролго чыгып турган. Ал ошондой эле драмалык, фольклордук "Саамал" жана жаз-инструменталдык "Аура" ансамблин башкарган. Каза тапканда театрга аты берилген. 

Бурят кызга үйлөнгөн

Арсен Өмүралиев өмүрлүк жолдошу Айгүл менен "Последний угон" тасмасына тартылуу үчүн кастингге барганда Свердлов киностудиясына барганда таанышкан. Жубайы бурят кызы. Эки кыздуу болушкан. Улуусу Ааламгүл жаштар театрынын координатору болсо, кичүүсү Оюна — эл аралык мамилелер боюнча адис. Айгүл Өмүралиева — учурда театрдын көркөм жетекчиси. Артист, маданиятка эмгек сиңирген ишмер. 

Шум ажал

2003-жылы 9-декабрда Москва шаарында операция учурунда каза тапкан. Стенокардия (жүрөк оорусунун бир түрү — ред.) менен жабыркаган. Ошол эле жылы өзү түптөгөн Жаштар театрына ысымы ыйгарылган.

"Мен тагдырыма жана шамалга ыраазымын. Адамдын жашоодогу эң чоң жетишкендиги — өзүн табуу. Мүмкүнчүлүктөрүңдү билип андан ары өркүндөтүү" деген мурунку маектеринде.

Өнөрпоздун эмгеги бааланып, учурунда Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген (1964) жана эл артисти наамын (1977) аталган. III дарадажагы "Манас" ордени менен Чыңгыз Айматов атындагы эл аралык премиянын лауреаты болгон.



Дагы: sputnik.kg, фото - © Фото / Бишкекский городской драматический театр им. А. Умуралиева