Өзгөндө таксистти өлтүрүп, сөөгүн өрттөп салган өспүрүмдөргө өкүм чыкты

12 мая 2021 Өзгөндө таксистти өлтүрүп, сөөгүн өрттөп салган өспүрүмдөргө өкүм чыкты

Өзгөндө таксистти мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелген эки өспүрүмгө карата соттун өкүмү чыкты. Бул тууралуу Ош облустук сотунун маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, айыпталуучулар 12 жылга эркинен ажыратылган. Андан сырткары, сот алардын бирин 70 миң сом, экинчисин 15 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирген.

Кылмышты угуп, бирок милицияга кабар бербегендиги үчүн камалган шектүүлөрдүн эки досу дагы кылмышты жашыруу беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 3 жылдык мөөнөткө эскертүү менен ата-энелеринин карамагына өткөрүп берилген.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын июль айынын аягында Өзгөн районунун 29 жаштагы тургунунун өрттөлгөн сөөгү дарыянын жээгинен табылган. Бул кылмышка шектелип Өзгөн шаарынын 16 жана 17 жаштагы тургундары кармалып, тергөөдө күнөөнү мойнуна алышканы кабарланган.


sputnik