Россия берген 20 млн. доллар кайда? Финансы министринин жообу

15 января 2021 Россия берген 20 млн. доллар кайда? Финансы министринин жообу

Бюджет дефицитин жабууга алынган грант пенсия, жөлөк пул жана саламаттык сактоо тармагына жумшалары айтылган.

Россиянын грант түрүндө берген 20 миллион доллары иштетиле элек, учурда Улуттук банктын эсебинде турат. Бул тууралуу финансы министри Кыялбек Мукашев Sputnik Кыргызстанда өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, каражат 2020-жылдын аягында өлкөгө келип түшкөн.

"Биз 25-декабрга чейин өзүбүздүн ички булактар менен тышкы карыз, пенсия, пособие, маяна сыяктуу чыгашаларды жаап бүткөнбүз. Россия тарабынан 20 миллион доллар 30-31-декабрда келип түшкөн. Ал учурда доллар боюнча Улуттук банктын эсебинде жатат. Мыйзамга ылайык, колдонулбай калган каражат кийинки жылга калдык болуп өтөт. Каражатты ушул жылы бюджеттин чыгашаларына колдонобуз", — деди министр.

Белгилей кетсек, Россия Кыргызстанга кайтарымсыз 20 миллион доллар берген. Каражат бюджет дефицитин жабууга пайдаланылмакчы, анын ичине пенсия, жөлөк пул жана саламаттык сактоо тармагы кирет.

sputnik