Кыял Шаршеева: Аял үч нерседен бактылуу болушу керек

9 октября 2018 Кыял Шаршеева: Аял үч нерседен бактылуу болушу керек

КТРдин "Ала-Тоо" мааалыматтык борборунун диктор айымдары биринен-бири өткөн сулуу, жылдыздуу, келишимдүү. Бизде конокто жакында кайрадан сүйүктүү ишине кайтып келген диктор айым Кыял Шаршеева.

Маектеш тууралуу маалымат

Туулган жери – Жети-Өгүз району, Балтабай айылы

Туулган жылы – 1982-жыл, 25-июнь

Баалаган дикторлору – Тамара Алсеитова, Тамара Джаманбаева, Гүлшан Молдоева

Корккону – Кудай

Бою – 167 сантиметр

Салмагы – 58 килограмм

Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү, бир кыз, бир уулдун энеси.

Жетишкендиги – "КТРКнын отличниги", "2012-жылдын мыкты алпаруучусу" деген сыйлыктары жана башкалар.

- Кыял, эмгек эргүүсүнөн чыктыңыз. Жумушуңузду сагыныптырсызбы?

- Улуу кызым Айтаажы төрт жашка чыкты. Өз алдынча болуп бала бакчага бара барып калды. Кичүү уулум Нурислам бир жаш эки айга толду. Апам баламды багышам жумушуңа чыга бер дегени, бир жагынан жолдошум дагы өзүң сүйгөн кесибиңди таштаба дегенине ынанып кайрадан эфирге чыктым. Үйдө узак убакытка отуруп кесиптештериңе аралашканда толкундоолор болот. Азыр ишке алаксып, үйгө да, балдарга да жетиштүү көңүл бурганга аракет кылуудамын.

- Ушул балдарым жок мурда кантип жашап жүрдүм экен деп эне катары эт-жүрөгүңүз элжиреген учур сизде да болобу?

- Мурда жаш кезде карьераны биринчи орунга коюп көп байкачу эмесмин. Кайрат экөөбүздүн жашообуз башкача болчу. Үй мейманкана сыяктуу кечинде эле келчүбүз. Эки күндүн биринде конокто жүрүп, узак мөөнөткө командировкага чыгып кетип калчубуз. Азыр балалуу болгондон кийин жашооң түп-тамыры менен жакшы жака өзгөрөт экен. Курбуларымдын балдарын көргөндө эрте төрөп алсам балдарым азыр окуп калмак экен деген өкүнүү сезими болуп кетет. Маңдайыма 27 жашка чыкканда балалуу болосуң деп жазыптыр. Кудайга шүгүр кылам. Буюрса эки бала мага чек эмес, ден-соолук берсе дагы көп уул-кыз төрөсөм дейм. Азыр университетте сабак берем, жаш кыздарга турмушка чыккыла, эне болгула деп көп кеңеш айтам. Аял заты бул жашоодо үч бакытка жетиш керек. Биринчиси кичине кезиңден үлгүлүү жүрүш-турушка ээ болуп "баланчанын кызы" деген бакыт. Экинчиси турмушка чыгып, күйөөнү сыйлап "кимдин жубайы" деген суктанууга ээ болгон бакыт. Үчүнчүсү балдарың эрезеге жетип жакшы уул-кыздардан болуп чоңойсо "бул балдардын энеси ким" деген бакыт. Мен ушул үч нерсеге жетсем өзүмдү толук кандуу бактылуумун деп эсептейм.

- Кимиңиздер балдарга каардураак мамиле жасайсыз?

- Эне катары чектен ашып баратса мен какыс-кукус кылып коем. Жолдошум жумшак, анан аябай баласаак. Балага ата-эне көп мээримин төкпөш керек деп коюшат го. Кызым атасына өтө жакын. Кыз балага мээримиңди көп төкпө деп Кайратка эскертип турам. Үй-бүлөдө мен балага катууракмын. Көз карашыман көптү түшүнүп калышты.

- А сизге убагында андай кеңеш айткандар болгон эмес беле?

- Турмушка чыккандан кийин апам: кызым төрөп ал, аял кишинин мактанычы, сыймыгы бала болот деп көп айтчу. Анткени мен өзүм үч эле бир тууганмын. Апамдын тааныш-курбулары менин беш балам бар, менин сегиз балам бар десе, менин үч эле балам бар деп апам жаман болуп калат экен. Абысындарым, өзүмөн улуу эжелерим төрөп ал деп жүрүштү. Убагында Кайрат экөөбүз тең карьера деп жүрүп жыйырма бештен ашып балалуу болуп отурабыз.

- Жолдошуңуз жаш болсо да көптү билген, коомдо орду, кадыры бар адам. Сыймыктанасызбы?

- Ооба, жолдошум менин сыймыгым. Кайрат жаш кезинде эле көптү билген, дүйнө таанымы кенен адам болчу. Экөөбүз бир мектепти бүткөнбүз, менден беш жаш улуу. Мен Караколдон Бишкеке келип кандитаттык диссертациямды жактаарда шаардан Кайратты жолуктуруп калдым. Анда мен аны агай катары сыйлачумун. Ал болсо ошол жолугушуудан кийин мага байланышкан пландарын түзүп жүрүптүр. Кийин ала качып алды. Ал кезде окуудан башканы ойлобогон жаным жакшы эле каршылык көрсөткөм. Жанымдагы эжелер "Кайрат сени алаканына салып багат. Кийин бизге ыракматыңды айтасың" дешкен эле. Өкүнгөн жокмун. Максатын ишке ашыра билген, пейили, жан дүйнөсү кенен, март, атына заты жарашкан кайраттуу жолдошум бар. Кээде өзүнөн улуу эжелер Кайратка телефон чалып кеңеш сурап калышат. Демек, жолдошумдун өз чөйрөсүндө сөзү, орду бар адам экен деп сыймыктанып калам. Кайрат көп кишилерге жардам берди. Бирөөнү жан дили менен колдоп, анын өсүшүнө салым кошуп келет. Бирок кийин ал адамдар кайра Кайратка туура эмес мамиле жасап жүзүн буруп кетип жатышты. Ошондон улам адамдар менен өтө ысык болбо деп кеңеш берип турам.

- Эгер жолдошуңуз ошондо сизди чыгынып ала качып албаса ага турмушка чыгат белеңиз?

- Жок. Анткени ал кезде мен окуйм, иштейм деген ойлор менен жашачумун.

- Өзүңүздүн кыялыңыз кандай?

- Кыял жок деп айтпайм, бар. Бирөө тийишсе, анын сазайын жакшы эле берет болушум керек. Бирок жолдошум "аябай ак көңүлсүң, ошентсе да жиниңе көп тийбеш керек" деп калат. Жылым ит да, анда мен "бирөө каппаса, бирөө тап бербесе каппайм" деп күлүп калам. Кээ бир туугандарыбыз "сенин мүнөзүң аябай табышмактуу, жакшы көрүп атасыңбы, жаман көрүп атасыңбы, билбейбиз" деп таң кала беришет. А мен ички эмоциямды сыртка чыгарбай сабырдуу болгонго аракет кылам. Көп жагымсыз нерселерди, ачуумду сабырдуулук менен жеңем. Бирөө менин аброюма шек келтирип жатса, көз көрүнөө адилетсиздик болуп жатса унчукпай карап тура албайм. Бирөө жамандык кылса кек сактабайм. Чыныгы мусулман ким? Бирөөгө тили менен, оюу менен, колу, ниети менен да зыян келтирбеген адам. Мен ушул эрежени карманып жашаганга аракет кылам.

- Теле жаштыкты, сулуулукту талап кылат эмеспи. Жашыңыз өйдөлөгөндө өзүңүздү кайсы тармакта элестетесиз?

- Телени эч жаштардан кызганбайм. Биздин ордубузду баса турган жаш адистер келет. Аларга жол көрсөтүп, жардам кылышыбыз керек. Университетте сабак берем деп жогоруда айтпадымбы. Студенттердин арасынан жылдызына үнүн дал келген улан-кыздарды көрүп калсам телеге чыгаргым келе берет. Анан эфир меники деп менчиктеген өзүмчүлдүк сезим мен жок. Кийин жашым улгайып калганда балким автордук берүүмдү ачышым мүмкүн. Жогорку окуу жайда сабак берсем деген максаттарым бар.

- Жыл өткөн сайын мүнөзүңүздө, жашоо образыңызда кандай өзгөрүүлөрдү байкап жатасыз?

- Токтоолукту байкап жатат окшойм. Жумуштагы байкелер да жашың отуздан жаңы ашса да жүргөн-турганың, сүйлөгөнүң орто жаштагы аялдардыкындай болуп баратат деп калышат. Мен ойлойм бул мезгилдин талабы деп. Кайраттын мүнөзү кыялкеч, жаңылык жазап турганды жакшы көрөт. Өзү көп мамлекетке барып келген, жүрү чет өлкөгө барып эс алып келебиз дейт. Мен башынан бир калыпта жүргөндү жактырам. Анүстүнө балалуу болгондон кийин мурдакы керт башыңды ойлогон күндөрүң артта калат экен. Тынч жагдайда, балдарыма ыңгайлуу шартта эс алганды жакшы көрөм.

- Стилиңизди баштан аяк өзгөртсөм деген ой барбы?

- Студент кезде чачты сарыга, кызылга боеп. Химияга берип тармалдатып кайра түздөтүп, тырмакты өстүрүп айтор сулуулануунун түрүн колдонуп көргөм. Планды толтургам десем болот. Азыр болсо нукура сулуулукту баалайм. Буга чейин чачты жазып жүрчүмүн, боюмда бар кезде ырым кылып кыркпай жүрүп өстүрдүм. Азыркы стилим мага көбүрөөк жагат. Мурда бойдок кезимдеги сүрөттөрдү карап отуруп бир чети күлкүм келет. Бир чети эмнеге чачымды ушундай кылып боедум экен деп таң калып кетем.

- Ашканада кандай кожейкесиз? Конок тосуудагы сырларыңыз менен бөлүшпөйсүзбү?

- Жолдошум, балдарым үчүн тамактын даамдусун жасагандын аракетин көрөм. өзүбүздүн үйгө да конок көп келет. Конок келээрде бир ай мурда кабатырланып тамактардын менюсун түзүп баштайм. Анан мурда жасаган тамагымды кийинки келе турган конокторго кайталап жасабаганга аракет кылам.

- Сизге сынды ким көп айтат жана сынды кандай кабыл аласыз?

- Айтылган сынга карап түздөнүп алса болот. Мен бардык сынды катары менен кабыл ала бербейм. Жакын адамдарымдын эле сын-пикирлерин кабыл алам. Билем, кимдер чын дилинен айтып атканын. Жумуш жагынан көбүнчө жолдошумдукун кабыл алам. Профессионал жетекчилердин, бир туугандарымдын, жакын адамдарымдын сындарын туура кабыл алам жана угам. Кээ бири туура эмес сын айтышат. Аларга деле кабыл алган киши сымал рахматымды айтып коём. Укканым менен жан дүйнөмдө өзүм иргейм. Жакында диссертациямды жактаганда ошол жакта илимпоздор тарабынан илимий ишиме көптөгөн сындар айтылды, кээ бирлери макташты. Мен сын айткандарга рахмат айтып, кетирген катачылыктарымды оңдойм десем, берки мени мактап аткандар таарынып атышпайбы "сенин ишиң бизге жагып мактасак, сен сын айткандарга ыраазы болосуң да" дешкен.

 

Анара Дүйшөналиева, Кабар Ордо