Эл көчүп кетүүдө. Депутат Козуев Барак эксклавындагы көйгөйдү көтөрдү

3 февраля 2022 Эл көчүп кетүүдө. Депутат Козуев Барак эксклавындагы көйгөйдү көтөрдү

Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Козуев Кыргызстандын Өзбекстанда жайгашкан Барак эксклавында жашагандар жашоо шартынан улам көчүп кетип жатканын билдирди.

Анын айтымында, Барак Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүнө карайт. Эксклавдын жалпы аянты 208 гектар. Анын ичинен 75 гектары үлүш болуп эсептелет, 95 гектары фонддун жери, 38 гектарга социалдык объектилер курулган.

"Баракта жашагандар кайрылып жатышат. Чек ара маселеси боюнча кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык жумушчу тобу 2018-жылы 7-августта сүйлөшүп, жерлерди алмашуу маселеси 85 пайызга чечилген. Бирок кайсы бир себептер менен ушул күнгө чейин токтоп турат. Азыр Барактагы тургундар же эгин эге алышпайт, же үйлөрүнө барып келе алышпайт. Таштап чыгып келе беришкен. Айылды сактоо иретинде 10-15ке чукул гана кожолук жашап жатат. Калгандары Кыргызстанга өтүп батирлерде жашап, ар жерде кыйналып жүрүшөт. Мамлекет тарабынан 200 миң сомдон ссуда каралган, аны дагы толук алышкан эмес", — деди Козуев.

Депутат эксклавда жашаган кыргызстандыктар дыйканчылык кылайын десе Өзбекстан суу бербей жатканын белгиледи.

Мындан улам бул маселеге көңүл буруп, Мамлекеттик чек араларды делимитация жана демаркациялоо боюнча комиссиянын төрагасы Камчыбек Ташиевди барактыктар менен жолугушуу уюштурууну суранды.

Натыйжада эл өкүлүнүн көтөргөн көйгөйү тууралуу министрлер кабинетине парламенттин атынан протколдук тапшырма берилди.

sputnik