Депутаттар Ташиевди чакырып, №39 протокол боюнча маалымат укмай болушту

2 февраля 2022 Депутаттар Ташиевди чакырып, №39 протокол боюнча маалымат укмай болушту

Жогорку Кеңештин депутаттары 27-январда катталган кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал тууралуу маалымат алуу үчүн УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди жана Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеевди чакырды.

Күч түзүмдөрүнүн жетекчилери бүгүн саат 14:00дө парламентке келери күтүлүүдө.

Депутат Нурлан Шакиев дүйшөмбү күнү Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин жыйынында Ташиев келип бир топ маалыматтарды бергенин айтты.

"Азыр коомчулукта №39 протокол боюнча ар кандай пикирлер болуп жатат. Камчыбек Кыдыршаевич эгер зарылдык болсо пленардык жыйынга дагы келип, жабык эшик артында айтып берүүгө даярмын деген болчу. Коомчулукта ар түрдүү ойлор болбошу үчүн ошол маселе боюнча кеңири маалымат уксак", — деди Шакиев.

Мындан башка дагы эл өкүлдөрү соңку кырдаал тууралуу маалымат алууга кызыкты.

sputnik