Улуттук банк алтын куймаларын сата баштады. Алуу шарттары

1 февраля 2022 Улуттук банк алтын куймаларын сата баштады. Алуу шарттары

Улуттук банк 1-февралдан тарта Кыргызстандын ички рыногунда аффинаждалган алтын куймаларын сата баштады. Бул туурасында башкы банктын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, аффинаждалган алтын куймалары "Кыргыз алтын" ишканасы тарабынан 10 900 граммдан 13 400 граммга чейинки салмакта даярдалган. Куйманын лигатуралык салмагынын кеминде 99,95 пайызын химиялык таза металл түзөт.

"Баасы Улуттук банк тарабынан ар бир куймага өзүнчө белгиленет жана ал күн сайын расмий сайтка жарыяланып турат. Жеке адамдарга жана юридикалык жактарга (алтын өндүрүү жана иштеп чыгуу ишканаларын эске албаганда) аффинаждалган алтын куймаларын сатуу накталай эмес формада жүргүзүлөт. Башкача айтканда, каражатты Улуттук банктын эсебине которуу шарт", — деп жазылат маалыматта.

Бул куймалар кайсы кенден чыккан алтындан жасалары айтылган эмес.

Аффинаждалган алтын куймаларын сатуу шарттары жөнүндө толук маалымат Улуттук банктын расмий сайтына жайгаштырылган.

sputnik