Кыргызстанда Орозо айт 13-майда белгиленет

7 мая 2021 Кыргызстанда Орозо айт 13-майда белгиленет

Кыргызстанда бейшемби күнү, 13-майда, Орозо айт белгиленет. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Мындай чечимди Аалымдар кеңеши кабыл алган.

Ислам шариятында Рамазан айынын башталышы жана аякташы жаңы чыккан Айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат. Орозо айы кээде 30, кээде 29 күн болот.

Муфтияттан белгилешкендей, жогоруда көрсөтүлгөн күн Айдын чыгышына карап бир күнгө айырмаланып калышы мүмкүн. 

sputnik