Доллардын арзандаганы байкалууда

7 мая 2021 Доллардын арзандаганы байкалууда

Борбор калаада доллардын сомго карата курсу төмөндөгөнү байкалды.

Бейшембиге (6-майга) салыштырмалуу валюта алмаштыруучу жайлар менен бир катар банктарда долларды сатып алуу 24 тыйынга арзандаса, ал эми сатуу курсу 5-10 тыйынга түшкөн.

Valuta.kg порталында "жашыл акчанын" орточо баасы сатканда 84,87 сом, сатып алганда 84,49 сомду түздү. Ал эми Улуттук банктын расмий курсу 84.80 сом болду. Еврону сатып алуу курсу сегиз тыйынга түшкөн, ал эми элге сатуу эки тыйынга көтөрүлгөн.


sputnik