Италияда үч еврого үч үй сатып алган аял ири чыгымга учурады

7 мая 2021 Италияда үч еврого үч үй сатып алган аял ири чыгымга учурады

Италияда ишкер аял Сицилия аймагынан үч еврого үч үй сатып алып, өтө ыңгайсыз кырдаалга туш болду. Бул тууралуу The Sun басылмасы жазды.

Рубиа Диас аттуу жаран жергиликтүү бийликтин “пайдалуу” сунушу менен үч уулуна бирден үй сатып алган. Качан гана келишим түзүлүп, ачкычтар колго тийгенде ал үч турак жай тең эскилиги жетип, дээрлик жарактан чыгып калганын көрдү.

Анткен менен келишимге ылайык, жаңы кожоюндар сатып алган үйлөрдү үч жылдын ичинде ремонттоп коюшу керек. Антпесе күрөөгө койгон 5 миң евродон кол жууп калат.

Диас ушул тапта бир үйдү оңдоого гана 20 миң евро коротконун айткан.

Көрсө жергиликтүү бийлик мындай жол менен эскилиги жеткен мүлктү оңдотуп, эл качып калган аймакка кайрадан жан киргизүүнү максат кылган экен.


sputnik