Индияда жырткыч жаныбарлардан коронавирус табылды

5 мая 2021 Индияда жырткыч жаныбарлардан коронавирус табылды

Индияда биринчи жолу жырткыч жаныбарлардан коронавирус табылды. Илдет Хайдарабад шаарындагы зоопаркта жашаган сегиз арстандан аныкталган. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Зоопарктын ветеринарлары апрелдин соңунда арстандардан табитинин жоголушу, мурдунан суунун агышы жана жөтөл сыяктуу симптомдорду байкашкан. Аянты 160 чарчы метрди түзгөн сафари зонасында 10 жашка чамалап калган 12 арстан бар. Алардан анализ алынып, изилдөөнүн жыйынтыгында сегиз жырткычтан коронавирус табылган. Азыркы тапта окумуштуулар жырткычтар коронавирустун кайсы штаммы менен ооруп жатканын так билүү үчүн анализдерин Хайдарабаддагы лабораторияга жиберишкен.

Азыркы тапта Индияда коронавирус күч алып, оору көп жуктургандар боюнча дүйнөдө экинчи орунга чыкты. Жалпы жонунан Индияда 20,2 миллиондон көп киши илдет илештирип, анын 16,6 миллиону айыккан. Коронавирус 222 миң кишинин өмүрүн алган.


sputnik