Европага кайсы вакциналарды алган туристтер кире алат? Тизме

27 апреля 2021 Европага кайсы вакциналарды алган туристтер кире алат? Тизме

Евробиримдиктин аймагына ЕБ өзү уруксат берген гана вакцинаны алган туристтер кире алат. Бул тууралуу Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен New York Times басылмасына берген маегинде айтты.

Ал коронавируска каршы эмдөө алган америкалык туристтер жайында Европа биримдигине кире аларын билдирген.

"Менин түшүнгөнүмө караганда, америкалыктар Дары каражаттары боюнча европалык агенттик (EMA — ред.) жактырган вакциналарды колдонуп жатышат", — деген фон дер Ляйен.

Еврокомиссиянын башчысы алар айткан вакциналарды сайдыргандар Европа биримдигинин аймагында кеңири жүрө аларын белгилеген.

"ЕБге мүчө болгон 27 мамлекеттин баары Дары каражаттары боюнча европалык агенттик уруксат берген гана вакцина менен эмделген туристтерди ашыкча сөзү жок киргизиши керек", — деген ал.

РИА Новости Евробиримдиктин рыногунда коронавируска каршы төрт препарат: Pfizer/BioNTech (600 миллион дозага чейин алынат), Moderna (460 миллион дозага чейинки эки келишим бар), AstraZeneca (400 миллион дозага чейин) жана Johnson&Johnson (400 миллион дозага чейин алынат жана дагы 200 миллион доза алуу боюнча сүйлөшүү бар) авторлоштуруп, жактырылганын жазган.

Ал эми "Спутник V" 4-марттан тарта Дары каражаттары боюнча европалык агенттиктин экспертизалык процедурасынан өтүп жатат. Бул уюм европалык рынокко колдонуу үчүн киргизиле турган вакциналарга уруксат берүү боюнча иш алып барат. Буга чейин ЕМА "Спутник V" вакцинасына баа берүү тездетилген мөөнөттө өтөрүнө ишеним арткан, бирок анын датасы азырынча айтыла элек. ЖМКлардын маалыматына караганда, кандайдыр бир маселелер чыгып кетпесе, аны май айында жактырышы мүмкүн.

Кыргызстанда кандай вакциналар бар?

Кыргызстанга кытай өндүрүшүнөн чыккан Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы келген. Андан көп өтпөй эле Россия 20 миң доза "Спутник V" берди. Бул препараттар менен биринчи иретте 65 жаштан өйдөкүлөр, өнөкөт оорусу барлар эмделмекчи.

Россиядан жалпысынан миллион доза вакцина алуу туурасында сөз болгон. Анын жарымы (500 миңи) гуманитардык жардам иретинде берилери айтылган.


sputnik