Организмдин чаалыкканын кантип билсе болот? Белгилер

27 апреля 2021 Организмдин чаалыкканын кантип билсе болот? Белгилер

Айрым учурда организм алдан тайып, "болбой" калганын сезбей эле күнүмдүк оокат менен алпурушуп жүрө беришибиз мүмкүн. Улуу британиялык диетолог Кларисса Ленхерр организмдин чаалыкканын кайсы белгилерден улам билсе болорун санап берди. Бул тууралуу Express журналына шилтеме берип "Известия" жазды.

Адам өзүнөн кайсы белгилерди издеши керек:

  • себепсиз тынчсыздана берүү;
  • айланадагылардан оолактап, көңүлкош мамиле кылуу;
  • узак уйкудан кийин дагы чарчоонун кетпей калышы;
  • адамдын жакшы ойлоно албай, көңүлүн бир нерсеге токтото албай калышы;
  • тез эле толуп же арыктап кетүү;
  • теринин кургап, өңдөн азып кетиши.

Ленхеррдин айтымында, йоддун тартыштыгы, калкан безинин илдеттери же иммундук системанын начар иштеши организмди алсыратат. Чарчап-чаалыгуу өнөкөткө айланат. Айрым учурда адам организмдин кыйналып жатканын өзү байкабай жүрө бериши мүмкүн.


sputnik