ЖЫНЫСТЫК КАТНАШ менен алектенүүнүн МУСУЛМАНЧА 6 ЭРЕЖЕСИ бар

27 апреля 2021 ЖЫНЫСТЫК КАТНАШ менен алектенүүнүн МУСУЛМАНЧА 6 ЭРЕЖЕСИ бар

Жыныстык катнаш менен алектенүүнүн тартиби менен өзгөчөлүгү, түрдүү тыюу салуулары бар. Айрыкча, ислам дини дени сак келечек үчүн жыныстык кошулуунун тартиби менен эрежелерине өтө маани берет. Муну өзүн мусулманмын деп эсептеген ар бир адам сактоого тийиш.

  1. Даарат алуу керек

Тазалыкты сактоо – кайда болбосун маанилүү. Ал эми эки адамдын кошулуусу астында анын мааниси өзгөчө экенин баары билет чыгар. Исламда жубайлар жыныстык катнаштын алдынан милдеттүү түрдө даарат алышы керек. Анткени, даараты бар адамдан шайтан оолак болот. Анын үстүнө, даарат менен болгон жыныстык катнаш келечек урпактында тегине, рухуна таасир этет.

  1. Дуба окуу

Мусулмандар ар бир ишти дуба окуу менен баштайт. Анын сыңарындай, төшөк лаззатына чейин дагы окула турган дуба бар. Жыныстык катнаштын астынан даарат алгандан кийин ошол дубаны окуу керек.

  1. Ачылып-чачылып кошулбаш керек

Эркектер да, яалдар да уяттуу жерлерин жаап жүрүш керек деп талап кылган дин жыныстык катнашта дагы ачылып-чачылууну каалабайт. Ислам дининде бөлөк бөлмөдө болсо да, жыныстык кошулуу учурунда денени жаап алыш керек. Башка айтканда, төшөккө мүнөздүү интимди түзүш керек.

  1. Кыбылага каршы турбоо

Мусулман калкы кыбыланы сыйлап мамиле кылат. Уктаганда да кыбыла тарапты кадырлаган. Жыныстык катнаш учурунда да ушул багытты кармануу шарт. Ислам дининде жыныстык катнашта кыбылага каршы болбоо назарга алынат. Тагыраагы, баш кыбыланы карап турууга тийиш.

  1. Аялды капа кылбоо

Ислам дининде аялдын орду өзгөчө. Никелеп алган жарын эркек алканына салып багышы керек. Ал төшөк оюндарына да тиешелүү. Жыныстык катнаштын алдынан эркек аялга жумшак мамиле жасап, жылуу сөздөрдү айтып, анын көңүлүн ала билиши керек.

  1. Гусул дааратын алуу

Төшөк оюуну аяктагандан кийин да тазалыкка маани берилет. Ислам дини жыныстык катнаштан кийин аял да, эркек да толук жуунушун талап кылат.