26 апреля 2021
Японияда сүйлөшкөн кыздарын алдап келген жаран камакка алынды.
39 жаштагы Такаши Миягава курмандыктары менен жунуучу бөлмөгө арналган буюмдарды сатып жүргөн кезде таанышкан. Ал ар бир кызга үйлөнүү ниети бар экенин билдирген. Андан кийин туулган күнүн шылтоолоп, белек берүүнү суранып жүргөн. Ар бир кызга ар башка күндү атаган.
Алданган 35 аял биригип, полицияга арыз жазышат.
Алар белектерге кеминде 100 миң иен (болжол менен 785 миң сом) коротушкан. Полиция шектүүнүн курмандыктары мындан көп болушу мүмкүн дейт.