Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков Кыргызстан тогуз стратегиялык продуктунун ичинен сүт, мөмө-жемиш жана картошка менен гана өзүн камсыз кыла аларын айтты.
Өсүмдүк майы, кумшекер, эт, жумуртка менен учурда элди камсыз кыла албай жатабыз. Мындай маалыматты Аскарбек Жаныбеков билдирди.
Анын айтымында, өткөн кылымдын 90-жылдары Кыргызстан өзүн азык-түлүк менен толугу менен камсыздап, кээ бир продукцияларды экспорттоп келген.
"Азык-түлүк коопсуздугу боюнча Кыргызстанда негизги тогуз стратегиялык продукт бар. Тилекке каршы, биз ошонун ичинен өзүбүздү үчөө менен гана камсыз кылабыз. Алар: сүт, мөмө-жемиш жана картошка. Өсүмдүк майы, кумшекер, эт, жумуртка менен өлкөнү камсыздай албайбыз. Бирок толук жеткирүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар. Элге ун азыктары же буудайды толук жеткире албай жатабыз. Союздун акыркы убагы, 1987-90-жылдары, өлкөдө азык-түлүк жетишсиздиги болгон эмес. Өзүбүздөн чыккан продукцияларды экспортточубуз. Бул калкты өлкө өзү толук кандуу камсыздап келген дегенди билдирет. Учурда кайра иштетүүнү колго алуу менен маселени бир аз да болсо чечсе болот. Учурда республикада сүт азыктарын кайра иштетүү колго алынып келе жатат", — деди Жаныбеков.
Ошондой эле министр этти кайра иштетүү тармагында абдан чоң көйгөйлөр бар экендигин кошумчалды.