Индияда COVID-19дан өлгөндөрдүн сөөгүн өрттөп жетишпей жатышат

26 апреля 2021 Индияда COVID-19дан өлгөндөрдүн сөөгүн өрттөп жетишпей жатышат

Индияда коронавирус кайрадан күч алып, күн сайын 350 миңден ашык кишиден COVID аныкталууда. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Нарендра Модинин радио аркылуу элге кайрылуусунда айтылганын ВВС жазды.

"Азыр Индия коронавирус чабуулунун чок ортосунда турат. Күнүнө 350 миңден адам вирус жугузуп, Дели шаарында ар бир төртүнчү мүнөт сайын бирден киши өлүп жатат. Биринчи толкунду артта калтырганда биз коронавирусту жеңдик деп ойлогонбуз. Бирок жаңы толкун улутту бүк түшүрүп койду", — деди өкмөт башчы.

Маалыматка караганда, атайын жайларда орун жана убакыт жетпей жаткандыктан, коронавирустан каза болгондордун сөөктөрүн кадимкидей көчөлөрдө өрттөп жатышат.

Көпчүлүк ооруканаларда орун жана кислороддук аппараттар жетпей, бейтаптарды кабыл албай калышты.

Дүйнө жүзү боюнча коронавирус статистикасын жүргүзгөн Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, Индияда COVID-19 жуктургандардын саны 17 миллионго жетип, дүйнөлүк тизмеде экинчи орунда турат.


sputnik