"Оскар" алган тасма, режиссер, актерлор. Мыктылардын тизмеси

26 апреля 2021 "Оскар" алган тасма, режиссер, актерлор. Мыктылардын тизмеси

Режиссер Хлои Чжаонун "Земля кочевников" картинасы "Оскар" сыйлык тапшыруу аземинде "Жылдын мыкты тасмасы" аталды. Бул тууралуу РИА Новости маалымдады.

Билдирмеге ылайык, ушул эле кинокартинада башкы каармандын ролун жараткан Фрэнсис Макдорманд "Мыкты актриса" болду. Ал эми фильмди тарткан Хлои Чжао "Мыкты режиссер" деп таанылып "Оскар" алган. "Земля кочевников" картинасы жолдошунан айрылып, үй-жайынан, жумушунан кол жууп, ар кайсы жерде тентип иштеп калган аялдын турмушун сүрөттөйт.

"Мыкты анимациялык тасма" наамына "Душа" мультфильми татыса, кыска метраждуу мультфильмдердин арасынан Майкл Говьер менен Уилл МакКормактын "Если что-то случиться, я люблю вас" деп аталган эмгеги мыкты деп таанылган.

"Отец" тасмасында башкы каармандын ролун аткарган актер Энтони Хопкинс "Эркектин мыкты ролу" үчүн "Оскарлуу" болду.

Сыйлык тапшыруу аземин ABC телеканалы түз алып көрсөтүүдө.


sputnik