Дарыгер адамдын курсагындагы май ден соолукка өтө кооптуу экенин айтты

26 апреля 2021 Дарыгер адамдын курсагындагы май ден соолукка өтө кооптуу экенин айтты

Дарыгер жана теле алып баруучу Александр Мясников "Россия 1" телеканалынын эфиринде адамдын денесинин кайсы бөлүгүнө топтолгон ашыкча май ден соолукка коркунуч алып келерин айтып берди.

РИА Новостиге жарыяланган маалыматка караганда, "Дарыгерден суроо" рубрикасынын алкагында телекөрүүчү сөз жүрөктү каптаган май тууралуу болуп жатканын болжогон. Бирок медик ал жаңылышарын айтты.

"Эң кооптуусу – бул курсакка топтолгон май. Эгер адамдын курсагы сыртка чыкпай, бир текши май болсо, анда анча зыян эмес. Эң коркунучтуу сценарий – адамдын курсагынын салаңдап сыртка чыгып калышы. Мындайда адам кант диабети сыяктуу илдеттерге кабылышы мүмкүн", - деди Мясников.

Мясников буга чейин узак өмүр сүрүүнү шарттаган азыктарды атаган.


sputnik