Өзүн Конор Макгрегормун деп жүргөн наркодилер соттолду. Сүрөт

26 апреля 2021 Өзүн Конор Макгрегормун деп жүргөн наркодилер соттолду. Сүрөт

Улуу Британияда өзүн Конор Макгрегормун (UFC уюмунун экс-чемпиону, мушкер — ред.) деп элди алдап, баңгизат сатып жүргөн киши соттолду. Бул тууралуу Eurosport жазды.

Жадагалса ал белгилүү спортчунун аты-жөнү жазылган визиттик карта дагы жасатып алганы белгилүү болду.

34 жаштагы Марк Най февраль айында колго түшкөн. Ал айдоочулук күбөлүгү жок бара жатканда полицияга кармалып, ошол жерден спортчунун аты-жөнү жазылган визиттик картаны көрсөткөн. Укук коргоо кызматкерлери ага ишенбей, полиция участогуна алып барууну чечишкен. Ошол маалда Най жанындагы баңгизаттар менен уюлдук телефонун жок кылууга аракет кылган.

​Телефонду текшере келгенде, анда баңгизат алган кардарлары менен жазышкан билдирүүлөр табылган.

Жыйынтыгында Гилфорд шаарынын Падышалык соту аны үч жылга эркинен ажыратты.


sputnik