Организмди жаш бойдон сактаган 10 азык. Тизме

26 апреля 2021 Организмди жаш бойдон сактаган 10 азык. Тизме

Түркиялык диетологдор адамдын организмин жашарта турган 10 азыкты атады. Бул тууралуу Milliyet маалымат булагы жазганын "Известия" билдирди. 

Адистер омега-3 кислотасы көп болгон грек жаңгагын тизмеге биринчи коюшкан. Ал организмдеги холестерол деңгээлин жөнгө салуучу жана жүрөк оорусуна чалдыгуу тобокелдигин төмөндөтүүчү касиетке ээ. Жаңгак кишинин мээсинин сезгенүүсүн азайтып, анын иштешине көмөк берет.

Омега-3 лосось балыгында да кездешет. Бул кан тамырлардагы холестериндин көбөйүшүн басаңдатып, жүрөк ритминин бузулушунан коргойт жана адамдын акылынын тунук бойдон калышына жардам берет.

Зайтун майы тери үчүн абдан пайдалуу. Ал эми анын курамында каныкпаган май кислотасы жүрөккө пайдалуу болуп, кандагы канттын деңгээлин жөнгө салууга жардам берет.

Курамында протанцианин жана антоцианин көп болгон карагат да күчтүү антиоксидант.

Антиоксиданттар организмдеги зыяндуу заттар менен күрөшүп, жаш куракка байланыштуу жабыркаган органдарды калыбына келтирүүгө жардам берет.

Антиоксидант шпинатта да көп. Бул адамдын акыл-эсин тунук кылып, көздүн, сөөктөрдүн бузулушун алдын алат. Ал эми андагы A, C жана E витаминдери жана бета-каротин күндүн ультра-түс нурундагы зыяндардан коргойт.

Көк чай териге пайдалуу болуп, экинчи типтеги кант диабети жана жүрөк оорусу сыяктуу бир катар илдеттердин өрчүп кетүү коркунучун азайтат.

Помидордун курамында ликопен бар. Ал организмди жаш бойдон сактоочу касиетке ээ жана териге жакшы таасир берет. Помидор адамга жүрөк ооруларынан жана ар кандай рак илдеттеринен арылууга көмөкчү.

Кызыл болгар калемпиринде коллагенди өндүрүү үчүн пайдалуу С витамини, ошондой эле бир катар күчтүү антиоксиданттар бар. Брокколи, сульфорафан жана индол кошулмалары аркылуу клеткаларды кычкылдануу стрессинен келип чыккан зыяндардан коргоп, рак оорусун азайтууга жардам берет.

Брокколи фолий кислотасына бай. Ал жашы улгайып бара жаткан адамдын мээсинин жакшы иштешин шарттайт.

Кара шоколадда флавоналдар камтылган. Алар кан тамырлардын эс алуусун стимулдаштырып, жаш жана серпилгич кылат. Ошондой эле кан басымын төмөндөтүп, экинчи типтеги кант диабети, бөйрөк оорулары жана кем акылдык илдеттердин өрчүп кетүү коркунучун азайтат.


sputnik