26 апреля 2021
Премьер-министр Улукбек Марипов коомдук башталыштагы кеңешчиликке Динара Русланды дайындады. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Динара Руслан CodifyLab Academy - Программалоо жана дизайн академиясынын негиздөөчүсү жана башкы директору. Кыргыз программалык камсыздоону иштеп чыгуучулар жана тейлөө ассоциациясынын (КАРПОУ) башкармалыгынын төрайымы жана мүчөсү.
Ал учурда 30 жашта. Кезегинде Афганистандагы аскер базасында бир жыл эмгектенген. Андан соң АКШда бир нече жыл окуп жана иштеп, кийин Кыргызстанга кайтып келген.