Россия жакынкы аралыкта Кыргызстанга "Спутник V" вакцинасын жеткирүүгө даяр

21 апреля 2021 Россия жакынкы аралыкта Кыргызстанга "Спутник V" вакцинасын жеткирүүгө даяр

Россия Кыргызстанга жакынкы аралыкта "Спутник V" вакцинасын жеткирүүгө даяр экенин тастыктады. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Москва шаарында Кыргызстандын биринчи вице-премьери Артём Новиков Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары, өкмөттөр аралык кыргыз-россия соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык комиссиясынын тең төрагасы Алексей Оверчук менен жолукту. Алар Садыр Жапаровдун 24-25-февралдагы Россияга сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча биргелешкен иштердин жүрүшүн талкуулашты.

Артём Новиков Кыргызстан коронавирус инфекциясына каршы "Спутник V" вакцинасын расмий каттаганын, буга байланыштуу өлкө препаратты республика аймагына ташууга даяр экенин билдирди.

Ал эми Россия тарап жакын арада Кыргызстандын эли үчүн аталган вакцинаны жеткирерин маалымдады.

Мындан тышкары, тараптар Россиянын аймагындагы кыргызстандык мигранттардын укуктук макамын талкуулаган. Оверчук 2021-жылдын 15-июнуна чейин административдик чара колдонбостон жана Россия Федерациясынын аймагынан тышкары чыгаруу зарылдыгысыз чет элдик жарандардын укуктук макамын тариздөөнү жүргүзүү мүмкүндүгү тууралуу маалымдады.

sputnik