Айыл өкмөттү басып алган аялдар менен вице-премьер сүйлөшүүлөрдү баштады

15 апреля 2021 Айыл өкмөттү басып алган аялдар менен вице-премьер сүйлөшүүлөрдү баштады

Вице-премьер, экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков Пригородное айылына барып, айыл өкмөтүнүн имаратын басып алган аялдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Министрдин аялдар чогулган имаратка кирип кеткендигин журналисттерге айыл өкмөт башчысы Бакыт Шеримбеков билдирди.

Эске салсак, Чүйдүн Пригородное айылында аялдардын тобу айыл өкмөтүн басып алып, талаптарын коюшкан. Алар насыясын төлөй албаганы үчүн үйлөрүн алдырып жиберебиз деп нааразы болушууда.

Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Эркин Тентишев өлкө президенти Садыр Жапаров окуя тууралуу кабардар экенин айткан.


sputnik