УКМК: Матраимов 20 млн. сомдук батирин мамлекетке өткөрүп берди

15 апреля 2021 УКМК: Матраимов 20 млн. сомдук батирин мамлекетке өткөрүп берди

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов мамлекеттин бюджетине 20 миллион сомдон ашык каражатка бааланган батирин өткөрүп берди. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, батирдин жалпы аянты 232,3 чарчы метрди түзөт.

Белгилей кетсек, Матраимовго козголгон кылмыш иши кыскартылып, бошотулду. УКМК сотко чейинки өндүрүштү баштоого Матраимовдун Дубайда кымбат мүлкү бар экендиги боюнча "Азаттык Медиа" мекемесинин журналисттик иликтөөсүнүн материалдары негиз болгонун белгилеп, журналисттердин материалдарында келтирилген жүйөлөр ырасталбаганын айткан.


sputnik