Дастан Бекешев педофилдерди бычуу демилгесин кайрадан көтөрдү

15 апреля 2021 Дастан Бекешев педофилдерди бычуу демилгесин кайрадан көтөрдү

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жаш балдарды зордуктаган педофилдерди бычып салуу мыйзамын кайрадан көтөрдү.

Эл өкүлү ушул мыйзам долбоорун колдоого алууну суранып мамлекет башчысына кайрылды.

"Биз V чакырылышта отурганда, 2013-жылы, балдарды зордуктагандарды химиялык жол менен бычууну сунуштаганбыз. Ошол учурда депутаттар колдогон, бирок президенттин каршы пикири менен мыйзам долбоору өткөн эмес. Дагы деле ушундай кылмыштар болуп жатат. Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылында 7 жаштагы кызды 26 жаштагы киши зордуктаган. Мен ушул мыйзамды киргизүү үчүн президентке кайрылат элем", — деди Бекешев.

Ошондой эле ал педофилдерди химиялык жол менен бычуу мыйзамы кошуна Казакстанда эки жылдан бери иштеп келе жатканын белгиледи.


sputnik