Салык кызматына жаңы жетекчи дайындалды

15 апреля 2021 Салык кызматына жаңы жетекчи дайындалды

Илияз Иманбетов Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон. Анын дагы башка буйругу менен Кабыл Абдалиев Салык кызматынын башчылыгынан бошотулган.

Кечээ жаңы жетекчини экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков жамаатка тааныштырды. Ал буга чейин Мамлекеттик салык кызматынын ЕАЭБ алкагында кыйыр салыктар менен иштөө башкармалыгынын башчысы болуп иштеп келген. Салык чөйрөсүндө 20 жылдан ашык тажрыйбасы бар, басымдуу бөлүгүндө жетекчилик кызматтарды аркалаган.


sputnik