Пригородное: аялдар айыл өкмөтүн басып алып, өздөрүн өрттөйбүз деп коркутууда

15 апреля 2021 Пригородное: аялдар айыл өкмөтүн басып алып, өздөрүн өрттөйбүз деп коркутууда

Чүйдүн Пригородное айылында аялдардын тобу айыл өкмөтүн басып алып, талаптарын коюп жатышат. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Окуя болгон жерге Чүй облусунун жана Аламүдүн милициясынын жетекчилиги менен кызматкерлери жөнөп кетти.

"Учурда милиционерлер жергиликтүү бийлик менен аялдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Мындан тышкары, кызматкерлер коомдук тартипти сактоо боюнча бардык чараларды көрүүдө. Акциянын катышуучулары эмне талаптарды коюп жатканы азырынча белгисиз", — деп билдирди Чүй ОИИБ.

Анткен менен социалдык тармактарга тараган кадрлардан айыл өкмөтүн басып алган аялдардын колунда бензин куюлган бөтөлкө жана газ баллону бар экенин көрүүгө болот. Алар насыясын төлөй албаганы үчүн үйлөрүн алдырып жиберебиз деп нааразы болушууда. Жерине Чүй облусунун башчысы да барганы айтылды.


sputnik