Бишкекте канча окуучу жана мугалимден коронавирус аныкталганы айтылды

15 апреля 2021 Бишкекте канча окуучу жана мугалимден коронавирус аныкталганы айтылды

9-апрелге карата Бишкекте 22 окуучу, 19 мугалимден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Буга байланыштуу жети мектепте 11-класстын окуучулары аралыктан окууга жиберилген.

Муниципалитет бүгүн,14-апрелде, шайлоо участкалары катары иштеген мектептер менен бала бакчаларда офлайн жана аралыктан окуу башталганын кабарлады. Шайлоо аяктагандан кийин дезинфекция кылуу үчүн алар бир нече күнгө жабылган.

Мэриянын маалыматы боюнча, окуу башталганда 1,2,3,4,5,9 жана 11-класстардын окуучуларын кошкондо 100 миң бала мектепке барган. 1 377синин ата-энеси уул-кыздарын аралыктан окутуу тууралуу арыз жазып беришкен.

Учурда № 13, 28, 52 орто мектептерде балдар аралыктан окуп жатканы кошумчаланды.


sputnik