УКМК курал-жарак, ок-дары катылган кампаны тапты. Сүрөт

15 апреля 2021 УКМК курал-жарак, ок-дары катылган кампаны тапты. Сүрөт

Чүйдөн курал-жарак жана ок-дары сакталган жер табылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, аталган ок-дарылар УКМК жана "Альфа" атайын кызматы 2010-жылдагы апрель, 2019-жылдагы Кой-Таш окуялары учурунда жоголгон курал-жарактар боюнча ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында табылган.

"Ал жерден АК-47 Калашников автоматынын эки магазини, 5.45-59 даана ок-дары жана РПГ-26 "Аглень" гранатомёту табылган. Алар күч түзүмдөрүнүн биринин балансындагы куралдар болушу мүмкүн", — деп жазылат билдирмеде.

Алдын ала маалыматтар боюнча, алынган курал-жарак, ок-дарылар талап-тоноого тиешеси бар кылмышкерлерге таандык болушу ыктымал. Учурда УКМК тарабынан шектүүлөрдү аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатканы айтылды.


sputnik